super.kg logo

Ажайып кооз! Баткендин Айгүлү гүлүн ачты (фото)

 

Баткен районунун Кара-булак айылында жайгашкан "Айгүл тоо" ботаникалык коругунда Айгүл гүлү гүлүн ачты. Анын сүрөттөрү менен социалдык тармактын колдонуучусу Жеңиш Айдаров бөлүштү.

Айгүл гүлү март айынын башында карды жиреп чыгат, апрель айынын орто ченинен баштап гүлдөйт. Кырк күн өткөндөн кийин гүлүн таштайт. Гүлдүн узундугу 50-150 сантиметр, 1ден 20га чейин гүл байлайт.

Сейрек кездешкен гүл уругунан өсүп чыккан соң 7-8 жылдан кийин гана гүлүн ачат.

Айгүл гүлүнүн илимий аталышы - Эдуард чаар гүлү. Аталган гүл Баткенден башка Иран, Ирак, Гималайда (Кашмир, Жамму), Түркиянын түштүк-чыгышында жана Ооганстанда өсөт.

Айгүл гүлү 1978-жылы СССРдин "Кызыл китебине" киргизилген.

Белгилүү болгондой, "Айгүл-Таш" жаратылыш аймагына кирүүгө 3 жылга тыюу салынган.

Буга ылайык, жарандарга 1-апрелден тартып 2026-жылдын ушул мезгилине чейин ботаникалык коруктун аймагына кирүүгө уруксат берилбейт. Мындай чара Айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында көрүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: