super.kg logo

Токтогулда жол кырсыгына кабылган мугалимдер: Бир мугалимдин абалы оор

 

Токтогул районунда жол кырсыгына кабылган мугалимдердин бирөөнүн абалы дагы деле оор. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде SUPER.KG порталына Токтогул райондук аймактык ооруканасынын директорунун орун басары Анара Жолдошева билдирди.

"14-апрель күнү болжол менен саат 20:30да ооруканага 6 бейтап түшкөн. Анын экөө жандандыруу бөлүмүнө, экөө хирургия бөлүмүнө, экөө ыкчам жардам берүү бөлүмүнө жаткырылган.

Азыркы учурда биздин карамагыбызда 4 бейтап бар. Анын бирөө жандандыруу бөлүмүндө болчу, учурда комадан чыкканы жатат. Ага баш мээнин жабык жаракаты, контузиясы диагнозу коюлган. Абалы оор бойдон калууда, бирок бир аз турукташты. Бүгүн мүмкүнчүлүк болсо Бишкектеги ооруканага которсокпу деп жатабыз.

Ал эми калгандарынын абалы туруктуу.

Күн сайын бейтаптардын абалы боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине маалымат берип жатабыз", - дейт ал.

Ал эми окуяга күбө болгондордун бири Улукбек Бакен уулу жол кырсыгына кабылгандарга алгачкылардан болуп айыл тургундары жардам көрсөтүшкөнүн айтты.

"Коргон айылынын тургуну болом. Окуя Бел-Алды айыл аймагында болгон. Эң биринчилерден болуп жол кырсыгына биздин айылдын тургундары күбө болушкан. Айылдын вотсапп группасына ушундай жол кырсык болду деп кабарлашты. Биз ал убакта ашар жолу менен арык казып жатканбыз. Кабарды угар замат кырсык болгон жерге унаа менен жарым саатта жетип бардык. 6 адам жол кырысыгына кабылыптыр, 4 аял, эки эркек экен. "Кайсынысынын абалы оор" десем бир эжени көрсөтүштү. Тизеси, колу сынганын өз көзүбүз менен көрдүк. Ал эжени биздин унаага салып алып, Токтогулдун ооруканасына жеткирдик. Ал эми каза болгон мугалимди башка унаа менен алып кетишкен. Андан соң "Тез жардам" кызматы менен ӨКМнын кызматкерлери келишти.

Негизи кырсык болгон жер түз эле жер", - деди ал.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлигинен Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кубат Чокоев атындагы орто мектептин мугалимдери жол кырсыгына учураганын, каргашадан 44 жаштагы мугалим каза болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, алар Бел-Алды айыл аймагында өткөн "Жылдын мугалими" сынагына катышып келе жатканда жол кырсыгына кабылышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.04.2023. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу Токтогул районунун жегич зам.району Дамира туура эмес иш жургузот ошону дагы сурака алыш керек эч ким кетире албай койгон аны
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: