super.kg logo

Казакстанда турак жайдан газ баллон жарылып, 1 адам каза болду 

 

Казакстандын Жанаозен шаарындагы көп батирлүү турак жайда газ баллон жарылып, 1 адам каза таап, 13 адам жаракат алды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-апрелде саат таңкы 5тер чамасында (Астана убактысы боюнча) Жанаозен шаарындагы 2-кичи районундагы 12 батирлүү турак жайда газ баллон жарылып, имараттын 150 чарчы метр аянты урап түшкөн.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, кырсыктан 29 жаштагы эркек киши каза таап, 13 адам жаракат алган. Жаракат алгандардын экөөнүн абалы оор. Бири 80, экинчиси 50 пайыз денеси күйүк алган.

Жеринде урандыларды тазалоо иштерине 50дөн ашык куткаруучу жана кинологиялык бригада, Мангистау облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаментинин 10 техникасы, "Тез жардам" кызматкерлери жана жергиликтүү аткаруу органдары тартылган.

Учурда окуянын себептери жана жагдайлары такталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: