super.kg logo

Өлкөдө "Алтын тамга" сынагы 25-апрелде өткөрүлөт

 

Бүтүрүүчүлөр арасындагы "Алтын тамга" жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы 25-апрелде республиканын бардык аймагында бир убакта өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-2023-окуу жылында "Алтын тамга" тестине 2 миң 23 талапкер катталган. Тестти өткөрүү үчүн 19 тест өткөрүү пункту түзүлдү. Окуучулар математика, эне тили жана адабияты (кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, өзбек тили жана адабияты), Кыргызстандын тарыхы жана химия боюнча тест тапшырышат.

Стандартташтырылган тест тɵмɵнкүдɵй түрдɵ берилет:
  • жабык түрүндɵгү тапшырмалар (бир туура жоопту тандап алуу менен);
  • ачык түрүндɵгү тапшырмалар;
  • туура ырааттуулугун аныктоого берилген тапшырмалар;
  • шайкештигин аныктоого берилген тапшырмалар.

“Алтын тамга” тестин ɵткɵрүүнүн максаттары тɵмɵнкүлɵр болуп саналат:

  • жалпы орто билими тууралуу артыкчылык менен документ алууга талапкерлердин билим деңгээлдерин баалоону жүргүзүү;
  • Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жɵнүндɵ” мыйзамынын аткарылышына кɵзɵмɵл кылуу;
  • мектеп билим берүү системасын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарын жетилтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
Белгилей кетсек, 10-11-класстар үчүн бардык окуу сабактары боюнча чейрек, жарым жылдык жана жылдык баалары “5” (эң жакшы) деген баадан төмөн эмес болгон талапкерге “Алтын тамга” тестине тапшыруу укугу берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: