super.kg logo

Бишкекте 22 жаштагы жигит ири маңзат менен кармалды

 

Бишкекте жаш жигит 6,5 миллион сомдук маңзат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери менен бирге Казакстандан Кыргызстанга"мефедрон" психотроптук заттарын жеткирүү каналына бөгөт коюу боюнча атайын операция өткөрүшкөн. Атайын операцияны жүргүзүүгө жарым жылдык убакыт талап кылынган.

Операциянын жүрүшүндө милиция 2001-жылы туулган А.Р. аттуу жаран кармалган.

"Ал ар бири 0,5 литрден болгон төрт желим бөтөлкөгө салынган «мефедрон» психотроптук затын жашырылган жерден алган. Андан кийин шектүү кара түстөгү BMW унаа менен жашырынууга аракет кылган. Бирок ал милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Алынган психотроптук заттардын таза салмагы 1 килограмм 194 граммды түзөт. Психотроптук заттарды сатуудан А.Р. аттуу жарандын мыйзамсыз кирешеси болжол менен 6 миллион 567 миң сомду түзүшү мүмкүн эле", - деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран №1 тергөө абагына камакка алынган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын тергөө иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: