super.kg logo

Шашылыш билдирүү! Өлкөдө үшүк жүрөт

 

Өлкөнүн тоолуу аймактарында үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору маалымдайт.

Белгиленгендей, 19-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө 0…-2°, Чүй облусунун тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3 градус үшүк жүрүшү ыктымал.

17-18-апрель күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталып турат.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан, 18-апрелде түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөйт:

17-18-апрелдерде Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 5…10°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 8…13°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6° жылуу, айрым жерлерде 0…-2° үшүк, күндүз 6…11°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 1…6° жылуу, айрым жерлерде -1…-3° үшүк, күндүз 6…11° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -1…-3° үшүк, күндүз 3…8° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт.

Мындай катуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: