"Күйөөм баланын диагнозун билгенде бизди таштап кетти". 2 жаштагы Даянга операция жасатууга жардам керек




2 жаштагы Даян Жеңишбековдун эки көзүнө тез арада Индияда операция жасатуу зарыл. Операциянын суммасы 12 миң доллар турат. Даяндын апасы Каныкей Корошева каражат топтоого жалгыз чамасы жетпегендиктен SUPER.KG порталына кайрылып, коомчулуктан жардам сурады.
Айтымында, Даян 2021-жылы 27 жумалык болуп, айына жетпей төрөлгөн. Буга байланыштуу ден соолугунда да көйгөйлөр жаралган.
"Алгач 2 көзүндө тең көйгөйлөр жаралып, жергиликтүү дарыгерлер тамчылатма дарыларды жазып беришкен. Андан соң Бишкектеги түрктөрдүн клиникаларынын биринде медициналык кароодон өтүп, алар тарабынан ретинопатия, катаракта диагноздору коюлган. Түрк дарыгерлери Даяндын көзүнө операция жасашкан. Бирок убакыттын өтүшү менен баламдын ден соолугу жакшы болбой, көзүнүн кызарганы, жаш агуусу токтобой, Санкт-Петербургга алып барууга туура келди. Ал жактан да медициналык кароодон өтүп, мурда жасалган операция туура эмес болгонун далилдешкен.
Азыркы учурда көзүн сактап калуу үчүн тез арада Индияда операция жасатуу керек экен. Операциянын суммасы 12 миң доллар. Түрк дарыгерлеринин жасаган операциясынан сол көзү көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калды. Эми жок дегенде оң көзүн сактап калсак дегенден "эки көзүм төрт".
Күйөөм баланын диагнозун билгенде Орусияга кеткен бойдон байланышка чыкпай, бизди таштап кетти. Атап айтканда, балам төрөлгөндөн аз убакыт өткөндөн кийин бат-бат эле ооруканага жатып аттык. 2021-жылы ноябрда балам эки тараптуу пневмония болуп жандандыруу бөлүмүндө жатканда жолдошум Орусияга кетип калды. Ошол бойдон кабар алган жок", - дейт Корошева.
2 жаштагы Даян Жеңишбековдун апасы жардам сурайт
