super.kg logo

Наркы 31 миллион сом. Электр тармактар ишканаларына жаңы техникалар тапшырылды (сүрөт)

 

Бүгүн, 18-апрель күнү Чүй электр тармактар ишканасынын базасында электр тармактар ишканаларына жаңы техникалар тапшырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, "КУЭТ" ААК тарабынан каржыланып, сатылып алынган SHANMON экскаваторлорунун жана бригадалык атайын автоунаалардын жалпы суммасы 31 миллион 845 миң 469 сомду түзөт.

Жаңы техникалар Ош, Жалал-Абад жана Нарын электр тармактар ишканаларына бөлүштүрүлүп берилди. Автоунааларды тапшыруу иш-чарасына энергетика министри Таалайбек Ибраев, "Кыргызстандын Улуттук электр түйүндөрү " ААКтын башкы директору Алтынбек Рыспеков, Чүй электр тармактар ишканасынын жетекчиси Улан Астаркулов жана ишкананын кызматтык түзүмдөрдүн, бөлүмдөрдүн жетекчилери катышкан.

Ал эми министр Таалайбек Ибраев өз сөзүндө алынган техникалар күз, кыш мезгилдерине көрүлгөн даярдык экенин айтып, дагы жаңы техникалар сатылып алынарын баса белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: