super.kg logo

Криштиану Роналду аялы адашып кеткен Испаниядагы үйүн ижарага берет 

 

Атактуу футболчу Криштиану Роналду Испаниянын борбору Мадриддеги хан сарайын ижарага берет. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Криштиану Роналду ижарага бере турган хан сарайдын ичинде 7 уктоочу, 9 жуунуучу бөлмө, жабык жана ачык бассейндер, заманбап машыгуучу жай жана чоң футбол аянтча бар. Мындан тышкары эшиктердин туткаларында футболчунун атынын баш тамгалары тагыраагы, CR7 деп жазылган. Футболчу хан сарайынын ижара баасын айына 10 миң еврого (960 миң 50 сом) баалаган.

Белгилей кетсек, хан сарай престиждүү Ла-Финка районунда жайгашып, Роналду аны 2010-жылы 543 миллион сомдон ашуун каражатка сатып алган. Аянты 4 миң чарчы метр.

Криштиану Роналдунун сүйүктүүсү Жоржина Родригес "Мен Жоржинамын" аттуу документалдык тасмасында, хан сарайга биринчи жолу келгенде адашып кеткендигин айткан.

"Конок үйгө барууга эле жарым саат кетчү, себеби үй абдан чоң болгондуктан кайра келе турган жолду таппай калчумун", - деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.04.2023. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сом менен сатып алыптырбы э
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: