80 миң сомдон жогору. "Тазалыктын" таштанды ташыган айдоочуларынын маянасы көбөйдү

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын таштанды ташыган айдоочуларынын маянасы көбөйтүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, “Тазалыктын” айдоочулары эми чыгарылган таштандынын көлөмүнө жараша айлык алат. Тактап айтканда эми бир тонна таштанды үчүн айдоочуларга 125 сомдон төлөнөт.
"Эми таштанды ташуучу унаалардын айрым айдоочулары айына 80 миң сомдон жогору айлык алууга мүмкүнчүлүк алат. Жогорулаганга чейин айдоочулар 30-35 миң сомдун тегерегинде айлык алышкан" деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин «Тазалык» ишканынын кызматкеринин эмгек акысы Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен 70 пайызга көтөрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

