Франциялык окумуштуулар жасалма жүрөктү ойлоп табышты

Франциялык
окумуштуулар жасалма жүрөктү жасап чыгарышты. Бул тууралуу 10-декабрда чет
элдик басма сөз каражаттары жазып чыгышкан.
Автор: Темирбек Матаев
Жасалма жүрөктү
жасоонун башында белгилүү кардиохирург Алейн Карпентье турат. Ал баш болгон
окумуштуулар тобу жасалма жүрөктү жасоого космостук, медициналык жана
биологиялык технологияларды колдонушкан. Спутникти жасоого пайдаланган материалды
жасалма органга колдонуусуна анын эскирбегендиги себеп болгон.
Жалпысынан
бул органды жасоого 15 жыл жумшалган. Алейн Карпентье аны алгач франциялык оорулууга салып текшерип көрүп, "жыйынтык начар эмес” деген.
Анын айтымында, жасалма жүрөк
эң кеминде 5 жыл иштеп, трансплантация жасатуу үчүн кезекке турууну кыйла эле
кыскартат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.