super.kg logo
  Спорт  

Акжол Махмудов Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Дүйнө чемпиону болгондо ыйлаганын айтты

 

"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Дүйнө чемпиондугун жеңгенде ыйлагандыгын айтты. Бул тууралуу Акжол Махмудов Казакстандын "Берен" ютуб каналына берген маегинде айтты.

Махмудов Айсулуу Тыныбекованын финалдык беттешин Германиядан операция жасатып келе жатып көргөнүн белгиледи.

"Биздин Айсулуу эжебиз бизге өтө чоң үлгү көрсөттү. 2019-жылы Астанада лицензиялык Дүйнө чемпиондугу өткөн. Лицензиялык Дүйнө чемпиондугуна Олимпиадалык салмактагы эң күчтүү балбандар келет. Айсулуу эже ошо Дүйнө чемпиондугун уткан. Ал эч кандай себеп издебей, машыктыруучуларды угуп, спорт эмне талап кылса ошону так аткарган. Мен ошондо операциядан Германиядан келе жатып көрүп, жатып алып ыйлагам. Демек биз дагы Дүйнө чемпиону болсок болот, мына бизге мисал деп ойлонгом.

Мен ошондо 2019-жылы өзүмө "Дүйнө чемпиону болом" деп ниет кылгам, ошого жеттим. Олимпиада чемпиону болом деп ниет кылса дагы, ошого жетсе болот", - деди Акжол Махмудов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.04.2023. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ткоио эмес Токио, личензиялык эмес лицензиялык болсо керек. Же мени кыргыз тил мугалими туура эмес окутканбы, биз ушинтип жазчу элек. Уят супер инфо ондоп койгула.
18.04.2023. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Berlin_86 грамотный адам боло бербегиле да. Техникалык каталарго жөн гана.
19.04.2023. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekalife сизге окшоп техникалык каталар боло берет деп журуп ушул абалга келдик. Журналисттердин жумушу ушул болгондон кийин туура жазып элге жеткируу алардын милдети. Жазганы 4 абзац анын ичинде 2 ката бул уят эле. Жазып буткондон кийин жок дегенде бир жолу окуп койсо болот ко. Ар бир адам оз жумушуна жоопкерчиликтуу болуш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: