super.kg logo

Осмонов: "Кыргыз-кытай чек арасында жүздөгөн айдоочулар кезекте турат"

 

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө бекетте жүздөгөн айдоочулар кезекте турушат. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Омонов билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Майдан аймагындагы Эркечтам өткөрмө бекетинде үч күндөп кезек күтүп калууда.

"Кыргызстанга өтүү үчүн кезек ушундай көп экен, жүздөгөн айдоочулар турат. Анын негизги себеби биздин бажы кызматкерлеринин таразасы иштебейт экен. Эки таразасы бар имиш, анын бирөөсү эле иштейт экен. Ал жер болгону бир талаа, эч кандай шарт жок", - деди Осмонов.

Ошондой эле ал бажы кызматкерлерин 24 саат бою иштей тургандай кылууну демилгелеп, жүк ташуучуларга колдоо көрсөтүү керектигин белгиледи.






Жогорку Кеңеш 19.04.23.

Жогорку Кеңеш 19.04.23.

Жогорку Кеңеш 19.04.23.

Жогорку Кеңеш 19.04.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: