super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанга мыйзамсыз өткөн террордук уюмга тиешеси бар Өзбекстандын 2 жараны кармалды

 

"Тавхид ва жихад катибаси" террордук уюмунун Стамбулдагы ячейкасына тиешеси бар чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 17-апрелинде Өзбекстандын аймагында издөөдө жүргөн, "Тавхид ва жихад катибаси" террордук уюмунун Стамбулдагы ячейкасына тиешеси бар М.З. жана М.Ф. аттуу Өзбекстан Республикасынын жарандары кармалды. Аталган жарандар башка кооптуу өлкөлөргө чыгып кетүү үчүн жасалма документтерди алуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүшкөн.

Бул факты боюнча Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси ("Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз өтүү") боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, М.З. Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: