super.kg logo

Орусияда 14 жаштагы окуучу кыз кыргызстандык өспүрүмдөн төрөгөнү айтылды

 

Москвада 14 жаштагы окуучу кыз кыргызстандык өспүрүмдөн төрөгөнү айтылууда. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Москвада 7-класстын окуучусу ата-энеси менен соода борбордо жүргөндө ичи ооруп, "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген. Ооруканада кыздын 8 айлык боюнда бар экени аныкталган. Дарыгерлер алардын өмүрүн сактап калуу үчүн кызды кесарево жолу менен төрөтүү керектигин айтышкан. Операция ийгиликтүү өтүп, эне-баланын абалы жакшы экени айтылган.

Кыздын ата-энеси кызынын боюнда бар экенин билишкен эмес. Жаш эненин айтымында, ал спорт аянтчасында Бека аттуу бала таанышып, ал тарабынан зордукталган.

Полициянын маалыматында, ымыркайдын атасы жогорку окуядан кийин Кыргызстанга качып кеткен. Укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат, кыздын ата-энеси өз милдеттерин аткарбаганы үчүн аларга административдик иш козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: