super.kg logo

Быйыл 2 миңден ашуун Кыргыз жараны Венгрияда жумушка орношо алат

 

Будапешт шаарында эмгек рыногу жана иш менен камсыз кылуу боюнча биринчи кыргыз-венгр форуму болуп өттү. Иш-чара 18-апрелде өтүп, ага Кыргызстандан 25тен ашык жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин жана Венгриядагы 30 рекрутингдик компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, форумда Кыргыз жарандарын Венгрияда ишке орноштуруунун шарттары жана тартиби кеңири түшүндүрүлдү.

Ошондой эле кыргызстандык жана венгриялык иш берүүчүлөрдүн ортосунда B2B жолугушуулар уюштурулду.

"Форумдун жыйынтыгында эки өлкөнүн жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ортосунда кызматташуу боюнча 25тен ашык келишимге жана меморандумга кол коюлду. Ушул жылы Венгрияда Кыргыз Республикасынын 2 миңден ашуун жараны жумуш менен камсыз болот деп күтүлүүдө" деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: