Урмат Самаев сотко алып келинди

"Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасындагы коррупцияга байланышы бар деп кармалган Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев Октябрь райондук сотуна алып келинди.
Бүгүн анын баш коргоо чарасы каралат.
Эске сала кетсек, Урмат Самаев 17-апрель күнү УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Алдын ала маалымат боюнча, анын кармалышы "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасындагы коррупцияга байланыштуу.
14-апрелде УКМК "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасынын борбордук жылуулук трассасына үйлөрдү мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталганын билдирген. УКМКнын билдиришинче бир катар үйлөр Токмок шаарындагы "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасынын борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулганы аныкталып, келтирилген зыян 25 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.

