super.kg logo

Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевдин сотуна “Тез жардам” чакыртылды

 

Бүгүн, 19-апрель күнү Бишкектин Октябрь райондук сотунда Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевдин баш коргоо чарасы каралып жатат. Сот отурумунда Самаев өзүн жаман сезип, ага “Тез жардам” кызматы чакыртылды.

Эске сала кетсек, Урмат Самаев 17-апрель күнү УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Алдын ала маалымат боюнча, анын кармалышы "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасындагы коррупцияга байланыштуу.

14-апрелде УКМК "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасынын борбордук жылуулук трассасына үйлөрдү мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталганын билдирген. УКМКнын билдиришинче бир катар үйлөр Токмок шаарындагы "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасынын борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулганы аныкталып, келтирилген зыян 25 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: