super.kg logo

Бишкек мэри Кореянын Куми шаарынын мэри менен жолугушту

 

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Куми шаарынын мэри Ким Чжан Хо баштаган кореялык делегация менен жолугушту. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шаар турмушун өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле биргелешкен инфраструктуралык жана билим берүү программаларын ишке ашырууда өз ара пайдалуу ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты.

Эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү максатында Бишкек жана Куми шаарларынын ортосунда достук алмашуу келишимине кол коюлду.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташууга жана шаарлар ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүгө үмүттөнөрүн билдиришти.

Коноктордун иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын урматына эстелик ташты ачуу аземи болот.

Эске салсак, 2022-жылдын 9-ноябрында Куми паркына "Кыргызстан менен Кореянын достук паркы" аты берилип, муну менен Бишкек жана Куми шаарларынын ортосундагы мамилеге мамлекеттер аралык статус берилген.

Маалымат үчүн: 1991-жылдын 14-августунда Бишкек жана Куми (Кенсан Букдо провинциясы, Корея Республикасы) шаарларынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндө келишимге кол коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: