super.kg logo

Келерки жылы АКШнын Монтана штатында көк бөрү оюну өтөт

 

2024-жылы АКШнын Монтана штатында көк бөрү оюну өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигеринин жолугушуусунда айтылды.

Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар этномаданий жана этноспорт тармагындагы кызматташуу, Кыргызстан менен АКШнын аймагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги тууралуу маселелерди талкуулашты.

Министр Алтынбек Максутов Кыргызстан эгемендик алгандан бери АКШ менен болгон эки тараптуу достук мамилелер бекемделгенин, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө тыгыз байланыштарды мындан ары да илгерилетүүгө умтулуу керектигин белгиледи.

Өз кезегинде элчи Лесли Вигери министр Алтынбек Максутовго жолугушууга убакыт бөлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, маданий мурастарды сактоо, спорт жана жаштар саясаты жаатында ишке ашырылган долбоорлор жөнүндө маалымат берди.

Элчи Лесли Вигери Талас облусундагы "Манас-Ордо" мемориалдык комплексине болгон сапары жана манасчынын сүйлөгөн сөзүнөн алган таасирлери менен бөлүштү.

Соңунда тараптар кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: