super.kg logo

УКМКнын кызматкерине фармацевтикалык ишкананын директору  пара берип жаткан жеринен кармалды 

 

Өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен фармацевтикалык ишкананын директору Е.А. жана ортомчу А.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк жаран А.К. башчылык кылган фармацевтикалык ишканасынын мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды.

Компаниянын өкүлдөрү мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрүнүн көлөмүн азайтуу жана кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө маселени оң жагына чечүү үчүн акчалай сыйлык берүүнү сунуштаган.

Салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аталган фармацевтикалык ишкана тарабынан 17 миллион сомдон ашык суммадагы салыкты жашыруу фактылары аныкталды.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, фармацевтикалык ишканасынын директору Е.А жана ортомчу А.А. УКМКнын кызматкерине 40 миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: