super.kg logo

Кыргызстандык Бермет Абдрахманова Бавариядагы жергиликтүү шайлоодо талапкер болот

 

Кыргызстандык Бермет Абдрахманова Бавариянын Мурнау шаарындагы жергиликтүү парламенттик шайлоодо талапкер болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Фейсбук баракчасына жазды.

Белгилүү болгондой, Бермет Абдрахманова "Элдик Университеттин" интеграция жана тил бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Мигранттардын адаптация болуп, жергиликтүү немистер менен камыр-жумур болуп жашап, иштеп кетишине жардам берип келет. Ал аталган шаарда белгилүү, авторитеттүү коомдук активист.

"Бермет Мурнау шаарынын парламентинин депутаттыгына ат салышмакчы. Мен ийгилик каалап бата бердим. Анын депутаттык шайлоого катышышы өзү үчүн гана эмес, Германиядагы кыргыздар үчүн утса да, утулса да абдан маанилүү. Бөтөн эл, чет жерде кыргыздын кызы чүнчүбөй, жалтанбай жергиликтүү немистер менен тең ата болуп, тизгин талашып жатканы Германиядагы кыргыз диаспорасы өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына өткөнүнөн кабар берет. Алар өз күчүн сезип, өз кызыкчылыктарын коргой ала турган деңгээлге жетишти", - деп жазды Текебаев.

Бавария Германия федеративдик республикасындагы көз карандысыз өлкө болуп эсептелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: