super.kg logo
  Саясат  

"Жоолук салына берсин, бирок чүмкөнбөсүн!" Депутат Мажитова паранжага тыюу салууну сунуштады

 

Бүгүн, 20-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова паранжа кийүүгө тыюу салууну сунуштады.

"Жакында социалдык колдоо боюнча 100 миң сомдук сертификатты тапшыруу үчүн Ошко барганда ушундай окуяга туш болдук. Сертификат алганы келген көпчүлүк аялдар көзүн гана көрсөтүп, кара паранжа кийип келишиптир. Ош шаарында көп экен, бирок Алайда андай жок. Жоолук салына берсин, бирок эмне үчүн ушинтип капкара кылып чүмкөнүп алышат, көзү гана көрүнүп турат", - деди Мажитова.
Ошондой эле ал президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча муфтиятка тапшырма берип коюуну өтүндү.





Жогорку Кеңеш 20.04.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: