Кыргызстанда Өзбекстан менен биргелешкен унаа заводу курулат
Кыргызстанда автоунаа заводун куруу боюнча макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу Бүгүн, 20-апрелде президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Өзбекстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 15-мартында кабыл алынган.
"Бул макулдашууну ратификациялоо Кыргызстандын аймагында жеңил жана коммерциялык техниканы чогултуу өндүрүшүн уюштуруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Долбоорду Кыргызстанда ишке ашыруу республиканын автомобиль өнөр жайын өнүктүрүүгө, ИДПдагы өнөр жайдын үлүшүн көбөйтүүгө, автомобиль паркын жаңылоого, 2000ден ашык жаңы жумуш орундарын түзүүгө, автотранспорт каражаттары үчүн компоненттерди чыгаруу боюнча жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө түрткү берип, аны менен өлкөнүн экономикасынын өнүгүү динамикасына оң таасирин тийгизет", - деп айтылат билдирүүдө.



1 |