super.kg logo

"Манас" аэропортуна бара жаткан жолдогу үрөй учурган кырсыктын чоо-жайы

 

"Манас" аэропортуна бара жаткан жолдогу үрөй учурган кырсыктын чоо-жайы белгилүү болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

"Кырсыкка кабылган эки автоунаа тең "Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо бир эле багытта түштүктү көздөй бара жаткан. Автобус "Глобус" гипер маркетинин жанынан бурулам деп жатканда артында келе жаткан Спринтер кичи автобусу сүзүп алган, натыйжада автобус жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктан каза болгондор жок. Бирок автобустун ичиндеги жаш балдар жабыркаган. Учурда так саны такталууда", - деп билдиришти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кырсыктан 16дан ашык окуучу жабыркаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: