"Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо кырсыкка кабылган 19 окуучунун абалы айтылды
"Манас" аэропортунун трассасында катталган жол кырсыктан жабыркаган 19 бала №3 Балдар ооруканасына түштү. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.
Айтымында, 4 бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Алардын абалы туруктуу оор деп бааланууда.
"Биздин ооруканага жалпы 19 бала келип түштү. Алардын ичинен 14 бала нейрохирургия бөлүмүнө, 1 кыз травматология бөлүмүнө, 4 бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Баарына өз убагында жардам көрсөтүлдү" деди башкы дарыгер.
Буга чейин "Манас" аэропортуна бара жаткан жолдогу үрөй учурган кырсыктын чоо-жайы белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:30
2025-07-07

19:43
2025-07-07

18:53
2025-07-07

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.