super.kg logo

Ошто Салык кызматынын ишкерлерди тейлөө борбору ачылды (фото)

 

Ош шаарында мамлекеттик Салык кызматынын ишкерлерди тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында салык төлөөчүлөрдү колдоо максатында Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлерин тейлөө борбору иштей баштады. Расмий ачылышка Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги, мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишкерлер катышты.

Борбордун ишинин негизги максаты – мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жана лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, аларды алуу мөөнөттөрүн кыскартуу, ишкерлерге сапаттуу, өз убагында жана жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү.

Ош шаарындагы Ишкерлерди тейлөө борборунун иши аймактагы бизнес-климатты жакшыртууга жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

"Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлери мамлекеттик жана башка кызматтардын топтомун эми бир жерден ала алышат. Бул ишкердик ишти бир кыйла жеңилдетип, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо үчүн жагымдуу шарттарды түзөт", – деп белгиледи Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов.

Ишкерлерди тейлөө борборунда Салык кызматынан тышкары бир катар мамлекеттик органдар жана уюмдар, анын ичинде банктар, Юстиция министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Баалуу металлдар департаменти, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору жана башка өз кызматтарын көрсөтүшөт.

Эскерте кетсек, ушундай эле борбор Бишкек шаарында 2021-жылдын ноябрь айынан бери иштеп келет жана жогорку натыйжаларды көрсөтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: