super.kg logo

Бишкекте "Тогуз коргоол" боюнча мелдеш өтүүдө

 

Бишкек шаарында "Тогуз коргоол" улуттук оюну боюнча мелдеш башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата Бишкек шаарынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан "Дасмия" этнокомплексинде "Тогуз коргоол" улуттук оюну боюнча Эл аралык мелдештин ачылыш аземи өттү.

Оюндун максаты жаш спортчулардын улуттук баалуулуктар боюнча билимин жогорулатуу жана дүйнөлүк чемпионатка киргизүүнү көздөгөн оюндун эрежелери менен тааныштыруу болгон.

Спорттук иш-чарага департаменттин директору жана «Дасмия» этнокомплексинин директору катышты.

Мелдештер 18-апрелден 22-апрелге чейин өткөрүлөт. Аларга жалпысынан 121 спортчу катышууда. Алардын ичинен 71 эркек, 50 аял.

Жеңүүчүлөр 22-апрелде аныкталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: