super.kg logo
  Саясат  

Жалгыз бой энелерге жеңилдетилген насыя менен берилүүчү үйлөрдү куруп берүү сунушталды

 

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова жалгыз бой энелерге жеңилдетилген насыя менен берилүүчү үйлөрдү куруп берүүнү сунуштады.

Эл өкүлү Бишкек шаарына 6 миңден ашык батирлер салынып жатканын белгилеп, бул долбоордон жалгыз бой энелерди четте калтырбоо керектигин кошумчалады.

"Бизде "жалгыз бой энелер" деген көйгөй бар. Акыркы убактарда ажырашуулардын саны артып, мындан улам тирүүлөй жетим калган балдар да көбөйүүдө. Жетим калган балдардын багуу жоопкерчилиги жалгыз бой энелердин моюнунда калууда. Бул жүрөк өйүткөн маселе. Жалгыз бой энелерге мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүү зарыл", - деди Нарматова.

Ошондой эле ал жалгыз бой энелерге арнап атайын үйлөрдү салууну сунуштады.

"Жалгыз бой энелерге 1 же 2 бөлмө босо да, жеңилдетилген насыя менен үй алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берсек. Муну менен бир эле учурда жалгыз бой энелерге жана тирүүлөй жетим калган балдарга мамлекет тарабынан колдоо көрсөткөн болоор элек", - деди ал.

Буга чейин Мамлекеттик ипотекалык компания "Менин үйүм 2021-2026" мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилгенин кабарлаган. Тагыраагы, өкмөт "Социалдык ипотека" деп аталган ипотекалык жаңы багытты киргизип жатканын маалымдаган.
Ага ылайык, жылдык үстөгү 4 пайыздык ипотекалык кредитти бир гана бюджеттик сферанын адамдары эмес, жеке сектордо иштегендер дагы ала алат.
"Социалдык ипотека" алууга төмөнкүлөр кезекке тура алат:
- беш же андан көп бала баккан үй-бүлөлөр;
- майыптыгы барлар же майып адамды баккан камкорчу тарап;
- толук эмес үй-бүлөлөр (өспүрүм баланы атасы же энеси жалгыз баккандар);
- айыл жергесинде иштеген жаш адистер.
Турак жай банктардын катышуусуз, ижарага алып андан ары сатып алуу жолу менен берилет. Чет өлкөлөрдө иштеген Кыргызстандын жарандары да мамлекеттик ипотекалык насыяларды ала алышат.





Жогорку Кеңеш 20.04.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: