super.kg logo

Бомба тууралуу жалган маалымат тараткандар 5 жылга эркинен ажыратылат

 

Билип туруп даярдалып жаткан жардыруу жөнүндө жалган маалымат тараткандар беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Маалым болгондой, жалган маалымат оозеки, жазуу, уюлдук телефон менен чалуу, интернет мейкиндигинде билдирүү аркылуу таратылышы мүмкүн.

"Бомба" жөнүндө билдирүү менен сиз коомдук коопсуздукка кол салып, уюмдардын жана ишканалардын нормалдуу ишин бузуп, укук коргоо органдарынын олуттуу күчтөрүн жана каражаттарын башка жакка буруп, конкреттүү жарандардын кызыкчылыгына зыян келтиресиз.

Көп учурда маалымат жашыруун берилет, бирок, кылмыш-жаза жоопкерчилиги үчүн кылмышкер өзү жөнүндө маалымат бердиби же жок - бул маанилүү эмес. Сиздин аракеттериңиздин себеби ар кандай болушу мүмкүн: бейбаштык, укук коргоо органдарынын ишинин «сапатын» текшерүү же болбосо, ишканалар менен мекемелердин демейдеги иш тартибин бузуу" деп айтылат маалыматта.

Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине (Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо) ылайык, билип туруп даярдалып жаткан жардыруу, өрттөө же адамдардын курман болуу, же болбосо башка оор залал болуу коркунучун жаратуучу башка аракеттер жөнүндө жалган кабарлоо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: