Бишкекте Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары болду









Бүгүн, 20-апрелде Улуттук тарых музейинде Кыргыз Эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин "Булбулум, булбулум ай" аттуу обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары болуп өттү.
Иш-чарага мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров, Мирлан Самыйкожо, Кыргыз эл артисттери Атайбек Бөдөшов, Түгөлбай Казаков, маданият өкүлдөрү жана Элмирбек Иманалиевдин бир туугандары, достору, күйөрмандары катышышты.
“Элмирбек Иманалиев 100 жылда бир жаралган улуу таланттын ээси болгон. Анын талантын баалаган инсандар бүгүн мына залга батпай чогулуп турушат. Элмирбектин элеси кыргыз элинин жүрөгүндө бек сакталат. Анын чыгармалары түбөлүктүү” деди Касмамбетов.
Элмирбек Иманалиевдин "Булбулум, булбулум ай" аттуу обондуу ырлар жыйнагы анын үй бүлөсүнүн демилгеси менен Кыргыз эл артисти Нурлан Нышанов түзүп, Кыргыз эл артисти Атайбек Бөдөшов нотага түшүргөн.
Жыйнак “Айтыш” республикалык коомдук фонду тарабынан каржыланып чыгарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.