Эдил Байсалов Чүйдө жол кырсыгына кабылган окуучулардан кабар алды








Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Манас” аэропорту унаа жолунда жол кырсыгына кабылган окуучулардан кабар алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен маалымдашты.
Белгилүү болгондой, кырсыктан жаракат алган балдар шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасына жаткырылган.
Эдил Байсалов балдардын өздөрү жана алардын ата-энелери менен жеке баарлашып, жарадар болгон балдар тез арада сакайып кетерине ишенимин билдирди. Ал ошондой эле жол коопсуздугун камсыздоо көйгөйүнө көңүл буруп, жол эрежесин сактоодо, анын ичинде балдарды ташууну уюштурууда иштин маанилүүлүгүн белгиледи.
Мындан тышкары ал жарадар болгон балдардын баарына тиешелүү дары-дармектер берилерин белгилеп, Ички иштер министрлиги кырсыктын себептерин иликтеп жатканын кошумчалады.
Маалым болгондой, учурда жандандыруу бөлүмүндө 4 бала дарыланууда, алардын биринин абалы оор экени айтылууда. Калган 14 бала оорукананын башка бөлүмдөрүнө жайгаштырылып, аларга бардык керектүү жардамдар көрсөтүлүп дарылоодон өтүүдө.
Маалым үчүн: Бүгүн, 20-апрелде "Манас" аэропортунун трассасында катталган жол кырсыктан 21 адам жабыркаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, алардын ичинен 20сы балдар болсо, бирөө чоң киши болгон. Баары ооруканаларга жеткирилип, тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Ал эми Билим берүү министрлиги берген маалыматка таянсак, 18 бала Сокулук районундагы “Ат-Башы мектеп-лицейи” мекемесинин окуучулары болгон.



1 |