super.kg logo

"Бул айдын адамзат үчүн мааниси өтө чоң". Төрага кыргызстандыктарды куттуктады

 

Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Кайрылууну парламенттин маалымат кызматы таратты.

Төраганын куттуктоосу:

"Урматтуу кыргызстандыктар! Ардактуу мусулман бир туугандар! Сиздерди Жогорку Кеӊештин жана жеке өзүмдүн атымдан Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Орозо кармоо – мусулмандар үчүн он эки айда бир келген ыйык парздардын бири. Бул айдагы негизги максат тамактануудан гана баш тартуу эмес, сабырдуулукка, боорукердикке, кечиримдүүлүккө үйрөнүү жана жан-дүйнөнү аруулантуу болуп саналат. Өзгөчө Орозодо муктаждарга жардам колун сунуп, кайрымдуулук кылуу ыйык милдеттердин бири катары каралат. Ага ылайык, бул айдын адамзат үчүн мааниси өтө чоң.

Кымбаттуу мекендештер! Мусулмандардын эӊ негизги эки майрамынын бири саналган Орозо айтта жакшы тилек-үмүттөр менен ак дасторкон жайылып, меймандостуктун жана кайрымдуулуктун бийик үлгүсү көрсөтүлөт. Андыктан, жер көктөп, айлана жаңыланган мезгилге тушкан келген быйылкы Орозо айында айткан бардык тилектерибиз кабыл болсун!

Кармаган орозобуз өз максатына жетип, жакшылыктарга багыт берсин! Үйүбүзгө береке, элибизге ынтымак, жергебизге тынчтык орноп, өлкөбүз алдыга жылсын! Кайрымдуу инсандардын катары көбөйүп, ийгиликтерибиз артсын!

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм!

Айтыңыздар маарек болсун!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: