Бишкекте жер астында жайгашкан таштанды челектерин орнотуу иштери улантылууда





Борбор калаада жер астында жайгашкан таштанды челектерин орнотуу иштери улантылууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Токтогул жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишине жер астында жайгашкан таштанды челектери ишке берилди. Буга чейин Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишине орнотулганы айтылат.
"Бул ишти Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасынын негизинде "Тазалык" муниципалдык ишканасы ишке ашырды. Жер алдына орнотулган челектин өзгөчөлүгү таштандыны жер алдына сактагандыктан жыт чыгарбайт, чачылбайт жана айлана чөйрөнүн көркүн бузбайт.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев мындай таштанды челектери борборубузда көбөйтүлөрүн кошумчалады", - деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары "Тазалык" муниципалдык ишканасында иштеген айдоочу, таштанды жүктөгүч жана тазалоочу кызматкерлердин айлыгы 100%дан ашык жогорулады. Башкача айтканда иштегенине жараша айлык акы берүү ыкмасы тандалып алынганы кабарланат.
"Мурда 30 000 сомдон айлык алып келген айдоочулар бул ирет 84 000 сомго чейин алышат. Ишине жараша эмгек акы – кызматкерлерге чыгарылган таштандынын көлөмүнүн эсебинен төлөнүүчү эмгек акы. Эми бир тонна таштанды үчүн таштанды ташыган айдоочуларга 125 сомдон төлөнөт", - деп жазылат анда.



1 |