super.kg logo

Кыргызстанга Европадан туристтик поезд келди (сүрөт)

 

Бүгүн, 21-апрелде өлкөгө Европадан саякатчылар туристтик поезд менен келди. Бул тууралуу "Кыргыз темир жол" ишканасынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, туристтер өлкөнүн кооз жерлерин кыдыруу, кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастары менен таанышуу максатында келишкен.

"Бул иш-чара салтка айланып баратат, былтыр да туристтер келишкен. Муну менен туристтик поезддин экинчи каттамы болуп калды.

2022-жылдын август айында «Lernidee Erlebnis Rreisen» туристтик компаниясынын өкүлдөрү Европадан келген коноктор үчүн Кыргызстанга туристтик тур өткөрүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү алкагында "Кыргыз темир жолу" коноктордун каалоосун эске алуу менен өлкө ичинде темир жол менен жүрүү иштерин уюштурууга көмөк көрсөттү", - деп жазылат маалыматта.

Жалпысынан Европадан 60тан ашуун турист келген. Алар Кыргызстанда эки күн болуп, андан соң Казакстанга кетишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: