"Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо кырсыкка кабылган балдардын саны 27ге жетти
"Манас" аэропортунун трассасында катталган жол кырсыктан жабыркаган балдардын саны 27ге жетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.
Анын айтымында, жандандыруу бөлүмүндөгү үч бала өзүнө келди.
"Жандандыруу бөлүмүндөгү үч бала өзүнө келди, эртең палатага которобуз. Ал эми бирөөнүн абалы оор бойдон калууда, бирок туруктуу. Тиешелүү дарылануудан өтүүдө жана дарыгерлердин көзөмөлүндө. Калган балдардын абалы туруктуу", - деди Маманов.
Маалымат үчүн: Кечээ, 20-апрелде "Манас" аэропортунун трассасында катталган жол кырсыктан 21 адам жабыркаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, алардын ичинен 20сы балдар болсо, бирөө чоң киши болгон. Баары ооруканаларга жеткирилип, тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Ал эми Билим берүү министрлиги берген маалыматка таянсак, 18 бала Сокулук районундагы “Ат-Башы мектеп-лицейи” мекемесинин окуучулары болгон.

