Өзбекстандын президенти Орозо айт майрамына карата абактагы 541 адамга ырайым кылды
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Орозо айт майрамына карата абактагы 541 адамга ырайым кылды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн президентинин сайтында жарыяланды.
Ага ылайык, ырайым кылынгандардын арасында аялдар, пенсионерлер, чет элдик жарандар жана башкалар бар. Абактагылардын бир бөлүгү мунапыс, бир бөлүгү шарттуу түрдө бошотулуп, дагы бир бөлүгү жеңилирээк жаза менен алмаштырылганы айтылат.
"Кылмыш жасагандыгы үчүн жазасын өтөп жаткан, кылган ишине чын жүрөктөн өкүнгөн жана түзөтүү жолуна бекем түшкөн 541 адам ырайым кылынды.
Ырайым кылынгандардын ичинен 374 адам негизги жазаны өтөөдөн толугу менен, 110 адам шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда жаза өтөөдөн бошотулуп, 18 адамга белгиленген жаза жеңилирээк жазага алмаштырылган. Мындан тышкары, 39 адамдын эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза мөөнөтү кыскартылды", - деп жазылат маалыматта.
Алардын арасында 36 чет өлкөнүн жараны, 136 аял, 60 жаштан ашкан 75 эркек, 6 тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкандар бар экени кабарланат.
"Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында жооптуу министрликтерге жана ведомстволорго ырайым кылынган адамдарды үй-бүлөсүнө жана жакындарына кайтарып берүү, алардын коомго адаптацияланышына, пайдалуу эмгекке тартылышына, сергек жашоо образын тандап, коомдо татыктуу орун ээлешине көмөк көрсөтүү тапшырылды", - деп жазылат анда.

