super.kg logo

Эне тилге эки мүнөт: Кыргыз эли бөйдөй кууруу фразеологизмин кайсы учурда колдонгон?

 

Эне тилге эки мүнөт рубрикабызда туруктуу сөз айкаштарын чечмелөөнү улантабыз. Бул жолу зылдын кара ташы, бөйдөй кууруу, боору катуу, ийге келүү жана бышы кулак болуу фразеологизмдеринин маанилерине токтолобуз.

Зылдын кара ташы - абдан оор, киши көтөрө алгыс. Мисалы, Муну ким көтөрөт, зылдын кара ташы тура.

Бөйдөй кууруу - кысым көрсөтүү, каарын төгүп жемелей берүү. Мисалы, Кызын үйдөн карыш жылдырбай, катын-балдарын бөйдөй кууруп кайтарууга салды.

Боору катуу - I мааниси - аябай күлүү, күлкүсүн тыя албай ыкшып калуу. Мисалы, Күлүп атып боорум катып калды.

II мааниси - таш боор, ырайымсыз, бирөөгө жан тартпаган, эч ыракым кылбаган. Мисалы, Боору катуу киши болбосо да, кайраты менен жүргөндүр.

Ийге келүү - сөзгө келүү, мамилелешүү, айткан-дегенге макул болуу, ыкка көнүү. Мисалы, Ал айткан сөздү угуп, ийге келип калды.

Бышы кулак болуу - көндүм болуу, көнүмүш адаттай болуп калуу, эч сезилбөө. Мисалы, Күйөө баласынын мындай орунсуз сөздөрүнө ал бышы кулак болуп калган.

Камчыга ченеп бөлүү - өйдө-ылдыйы жок кылып бөлүштүрүү, иштеген эмгекке карата, сарпталган күчкө жараша, оош-кыйышы жок бөлүү. Мисалы, Букардагы сан байге, энеке, камчыга ченеп бөлөмүн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: