super.kg logo

Үч айда бажы төлөмдөрүнөн 20,7 миллиард сом түшкөндүгү айтылды

 

Кечээ, 20-апрелде бажы кызматынын быйылкы жылдын алгачкы үч айында жасалган иштеринин жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиргендей, биринчи кварталда бажы төлөмдөрү 20,7 миллиард сомду түзүп, пландык көрсөткүч 105 пайыз аткарылды.

"Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан аткезчиликке байланыштуу 1200 факты аныкталды. Анын ичинен укук бузуулар боюнча 1123 иш козголуп, 8,2 миллион айып пул салынды.

Укук бузуулар жөнүндө иштер жана алдын алуу иш-чаралары боюнча төлөнгөн бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 72,2 миллион сомду түзгөн. Отчёттук мезгилде бажы кылмыштары боюнча 77 кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилген жана анда 66,1 миллион сомдук зыяндын орду толтурулган. Биринчи кварталда бюджетке кошумча кирешелердин жалпы суммасы 146,6 миллион сомду түздү", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков бажы кызматынын быйылкы жылдык планы 94,6 миллиард сом өлчөмүндө бекигенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.04.2023. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурда бул акчаларды Райым миллион,Шаримандар жеп койчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: