super.kg logo

Быйыл Транспорт министрлигине казынадан 18,7 миллиард сом бөлүнөт

 

2023-жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлигине республикалык бюджеттен 18,7 миллиард сом каралды. Бул туурасында Финансы министрлигинин маалыматында көрсөтүлөт.

Анын ичинен:
- 2,3 миллиард - учурдагы бюджеттик каражаттар;
- 1 миллиард - "капиталдык салымдар" беренеси боюнча каралган каражаттар;
- 12,2 миллиард сом – «мамлекеттик инвестициялар» линиясы боюнча каралган каражаттар;
- 3,2 миллиард сом – Жол фондунун болжолдонгон кирешеси.

2023-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 2,4 миллиард сом каржыланган.

Алар:
- учурдагы бюджеттик каражаттар 1,4 миллиард сом;
- "капиталдык салымдар" беренеси боюнча 216,1 миллион сом;
-«Мамлекеттик инвестициялар» линиясы боюнча 727,3 миллион сом (алдын ала өздөштүрүлгөн).

"Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу бийик тоолуу райондордогу жолдорду тазалоо жана автотранспорттордун үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу максатыныда каржылоо уюштурулуп, тез арада 50 миллион сом суммасында каржылоо ачылды" деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: