Кыргызстанда жашоо минимуму канча сомду түзөт? Статистикалык маалымат
2023-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз өлкөсүндө жашоо минимуму 7 501 сом 97 тыйынды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылат.
Калктын жаш курагына жараша жашоо минимумунун өлчөмү да ар кандай. Алсак, эмгекке жарамдуу курактагы калк үчүн 8 636 сом 20 тыйынды түзсө, пенсия курагындагылар үчүн 6 650 сом 27 тыйын, ал эми балдар үчүн 6 415 сом 63 тыйынды түздү.
Статком жарыялаган маалыматка ылайык, жашоо минимуму Жалал-Абад облусунда, Бишкекте жана Нарында эң көп көрсөткүчкө жеткен.
Аймактардагы жашоо минимумунун суммасы:
Жалал-Абад облусу — 7 789,31 сом
Бишкек шаары — 7 650,95 сом
Нарын облусу — 7 545, 11 сом
Ош шаары — 7 490,88 сом
Баткен облусу — 7 352,54
Чүй облусу — 7 243,01 сом
Ош облусу — 6 994,48 сом
Ысык-Көл облусу — 6 974,76 сом
Талас облусу — 6 862 сом
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-09
22:08
2025-07-08

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.