super.kg logo

Акылбек Жапаров Чүйдө 2 заводдун курулушуна капсула салды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кант шаарында “Кант ТШИ” (труба-шифер ишканасы) заводунун жаңы линиясынын имаратынын жана Ысык-Ата районунун Ивановка айылында “Асыл-Таш” керамика” заводунун имаратынын пайдубалына капсула салууга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматында айтылат.

“Ушул заводдон чыккан продукциялар менен илгери Алматы, “Байконурга” чейинки курулуштар салынган. Азыр дагы трубалар, шиферлер, плиталар эл аралык талаптарга жооп берет, ЕАЭСтин реестрине кирген. Заводдо ISO стандартына шайкеш келген өзүнүн лабораториясы бар. Демек, завод – ички гана муктаждыкка эмес, экспортко багытталган ири ишкана. Биз цемент, шифер, кирпич жана башка курулуш материалдарынын жаңы линияларын ачууга, алардын экспортун көбөйтүүгө, мамлекеттик инвестиция жасоого даярбыз”, - деди Акылбек Жапаров.

“Кант ТШИ” заводунун жаңы линиясы автоклавдык газ бетон өндүрөт. Долбоордун жалпы суммасы 12,1 миллион долларын түзсө, анын 8,5 миллион доллар Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат. Муну менен кошумча 120 жумуш орду ачылат.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле, “Асыл таш” керамика” заводунун курулушуна капсула салып жатып, 7 миллиондон ашкан өлкө калкынын 60 пайызын жаштар түзөөрүн айтты. Ошол эле маалда жаштарга завод-фабрикаларды ачуу менен жумуш орундарын түзүү, экономика түзүүчү ишканаларды ачуу, колдоо жана өнүктүрүү мамлекеттин башкы артыкчылыгы болуп жатканын белгиледи.

“Асыл-Таш” керамика” заводу карапа такта жана керамогранит өндүрөт. Завод ишке киргенден тартып 300гө жакын адам жумуш оруну менен камсыз болот. Бул долбоордун жалпы суммасы 34,6 миллион доллар түзсө, анын 25 миллион долларын Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.04.2023. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иши кылып капсуланар сасып кетпесе эле болду только капсула саласынарго чиркин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: