“Альфа Телеком” ЖАКсы боюнча айыпталып жаткан Раушан Рыкунова 9 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланды

“Альфа Телеком” ЖАКсы боюнча айыпталып жаткан Раушан Рыкунова 9 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланды. Бул туурасында кечээ, 10-декабрда Бишкек шаардык сотунун судьясы Айдар Осмонов билдирди.
Маалыматка караганда, Рыкунованын жаза мөөнөтү узартылган. Анткени биринчи инстанциядагы сот анын жаза өтөө мөөнөтүн 7 жыл деп туура эмес эсептеген. Сот өкүмүнө ылайык эми ал жазасын аялдардын түзөтүү колониясында өтөйт. Ал жогоруда аталган компаниядан 500 миң АКШ долларын чыгарып кеткен деп айыпталып жатат.
Ошондой эле күйөөсү Влад Рыкунов жана сиңдиси Айнура Сим 6 жылга эркинен ажыратылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

