"Унааларды гүлгө ороп". Нидерландыда гүл парады өттү (видео)
















Нидерландыда салтка айланган "Блуменкорсо Болленстрик" гүл парады болуп өттү. Иш-чара кечээ, 22-апрелде Нордвейк шаарында башталып, Харлем шаарына чейин созулганын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Басылмалар жазгандай, 20 ири композицияны камтыган 30дан ашык гүл менен кооздолгон унаалар 42 чакырым аралыкты басып өтүштү. Ал эми парадды марш оркестри коштоогон.
"Bloemencorso Bollenstreek" маршы 1947-жылдан бери өткөрүлүп келет. Аталган иш-чараны көрүү үчүн ар жылы аймакка бир миллиондон ашык турист келет. Белгиленгендей, парад быйыл 76-ирет өткөн.
Нидерландыда гүл парады өттү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.