Германияда кыргызстандыктарды ишке орноштуруу маселеси талкууланды



Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Бавария Федералдык аймагынын Кам районунун административдик башчысы Франц Лёффлер жана Швандорфдогу Иш менен камсыз кылуу агенттигинин башчысы Зигфрид Боймлер менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-апрелде болгон жолугушуу Кыргызстан менен Бавария Федералдык аймагынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана Кыргыз жарандарын Германияда ишке орноштуруу маселелерин такуулоо максатында өткөн.
Элчи Текебаев Кыргызстандын орто техникалык окуу жайларынын базасында германиялык окуу программасы боюнча квалификациялуу адистерди даярдоонун жана аларды Германияда стажировкадан өткөрүүнүн маанилүү экендигин белгилеген.
"Ф.Лёффлер Германияда квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин белгилеп, Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин билдирди. З.Боймлер Кыргызстандан 2023-жылдын сентябрь айында үч жылдык орто техникалык билим алуу жана андан ары ишке орношуу үчүн биринчи студенттерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат берди.
Бул кызматташуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Германиянын Эмгекке орноштуруу Федералдык агенттигинин ортосунда 2022-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Меморандумдун негизинде ишке ашып жатат", - деп жазылат маалыматта.
Бул Меморандумга ылайык, быйыл өлкөдөн 50 студент Германиянын Саксония федералдык округуна үч жылдык окууга кабыл алынары айтылат.
Маалымат үчүн: Бавария Федералдык аймагы Германиянын маанилүү жана экономикалык жактан өнүккөн Федералдык аймактарынын бири. Баварияда квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигинин деңгээли өлкөнүн 16 Федералдык аймагынын ичинен эң жогорку кɵрсɵткʏчкɵ ээ жана 45,9 пайызды түзөт.

