Судандын аба мейкиндиги куралдуу кагылышуудан улам убактылуу жабылды
Судандын аба мейкиндиги куралдуу кагылышуудан улам 30-апрелге чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу Хартум эл аралык аэропортунун маалыматына таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Судандагы аба мейкиндиги учактын бардык түрүнө жабылган. Ошондой эле өлкөнүн куралдуу күчтөрү аба мейкиндигиндеги чек араны бузуу кесепеттерге алып келерин эске салды.
Белгилей кетсек, 15-апрелде Судандын борбору Хартумда Судан армиясы менен ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосунда оор куралдарды колдонуу менен кагылышуу башталган. Дүйнөлүк басалмалардын акыркы маалыматтарына ылайык, кагылыштан 400дөй адам каза болуп, 3500 миңден ашык жаран жаракат алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.