super.kg logo

Чүйдө жол кырсыкка кабылган окуучулардын бүгүнкү абалы айтылды

 

"Манас" аэропортунун трассасында катталган жол кырсыктан жабыркаган балдардын бирөө дагы деле оор абалда. Бул тууралуу №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов менен байланышканыбызда маалым болду.

Анын айтымында, жол кырсыктан жаракат алып ооруканага жалпы 27 бала кайрылган. Анын үчөөнүн жаракаты жеңил болгондуктан үйлөрүнө чыгарылган.

"Жандандыруу бөлүмүнө төрт бала жаткырылган. Кечээ анын үчөө палатага которулду. Ал эми дагы биринин абалы дагы деле оор бойдон калууда.

Калган балдар нейрохирургия бөлүмүндө, эртең, 24-апрелден тарта үйлөрүнө чыгара баштайбыз", - деди Маманов.

Эске салсак, 20-апрелде "Манас" аэропортуна кетчү жолдо окуучулар бара жаткан автобус жол кырсыгына кабылган. Билим берүү министрлиги берген маалыматка таянсак, жол кырсыгына кабылган автобустун ичинде Сокулук районундагы “Ат-Башы мектеп-лицейи” мекемесинин окуучулары болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: