Токтогулдун Ничке-Сай айылын борбор менен байланыштырган көпүрө урап калуу алдында турат (видео)




Токтогул районунун Ничке-Сай айылын район жана борбор менен байлыныштырган көпүрө урап калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу жергиликтүү тургун, айылдык кеңештин депутаты Сейитбек Орозбеков SUPER.KG порталына билдирди.
Айтымында, элеттин стратегиялык маанидеги көпүрөсү кулап калса, аймактар менен байланыш үзүлүп калуу коркунучу бар.
"Айыл менен район, облус, шаарды байланыштырган көпүрө СССРдин убагында курулган. Ошол бойдон эскилиги жетип, кыйроо абалында турат. Бул жагдай эске алынып, 2018-жылы жаңы көпүрөнүн курулушу башталган.
Жакында эле социалдык тармакта журналист Сайпидин Султаналиевдин иликтөөсүндө министрлик 2 капталын тургузуп, үстүндө плитасын жаап койдук деген экен. Негизинен суунун бир тарабында тосмо курулган, бирок экинчи капталында тосмо курула элек. Учурда көпүрө кулап калуу коркунучунда турат.
Эгерде бул урап кала турган болсо, элдин борбор менен каттамы токтоп, элет элинин жазгы-талаа иштерине кедергиси тиет. Себеби күйүүчү майды райондон ташып келебиз. Ошондой эле 10-15 күндө суу кирүү коркунучу бар. Анда агып жаткан суунун агымы 3-4 эсе көбөйөт", - деди ал.
Мындан сырткары тургун айылда стратегиялык маанидеги 2 көпүрө бар экенин кошумчалады. Анын биринин курулушу 80 пайызга бүткөн. Бирок анын деле абалы жыргатарлык эмес экенин тургундар айтышат.
Ничке-Сай айылын борбор менен байланыштырган көпүрө урап калуу алдында турат
