Казакстанда кызматкерлер төрт күндүк иш убактысына өтүшү күтүлүүдө
Казакстанда июль айынан тарта иш берүүчү тарабынан кызматкерлер үчүн төрт күндүк иш жумасын белгилөө мүмкүнчүлүгү тууралуу норма киргизилет. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.
Андагы маалыматка ылайык, өзгөртүүлөрдүн негизинде беш жана алты күндүк иш аптасы сакталып кала берет. Ал эми жекшемби жалпы дем алыш болору кабарланат.
Калган эс алуу күндөрү жамааттык келишим менен такталып, бекитилет. Ашыкча иштөө айына 12 сааттан, ал эми жылына 120 сааттан ашпашы керектиги маалымдалат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.