super.kg logo

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

 

Өлкөнүн тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертип, шашылыш билдирүү таратты.

Кабарлангандай, 24-апрелде абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 207-250-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
  • Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу);
  • Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымы (Сөөк ашуусу).
  • Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кырсык катталган учурда "112" бирдиктүү номерине байланышуу зарыл. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: